КАЙЧЫ ТУМШУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЧЫ ТУМШУК (Loхia) – куштардын мукур­лар тукумундагы уруусу. Дене узундугу 17 смге че-

Карагай кайчы тумшугу.

йин. Астыңкы ж-а үстүңкү тумшугу кайчылашып, ка­рагай, кызыл карагай ж. б. ийне жалбырактуулардын тобурчагынан уругу чыга­рып жегенге ыңгайланган. Кайчы тумшуктун 3 түрү Европа, Аф­рика, Азия, Американын ийне жалбырактуу токой­лорунда таралган. Кыргызстанда 1 түрү жашайт. Карагайларга жылуу уя салып, ургаачысы 3–5 жумурткасын басып чыгарат. Эркеги жем та­шып, аларды багат.