КАЙЧЫЛАШ ТҮЗ СЫЗЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЧЫЛАШ ТҮЗ СЫЗЫКТАР – мейкиндикте­ги бир тегиздикте жатпаган, кесилишпей тур­ган, жарыш (параллель) эмес түз сызыктар. Эгер эки түз сызыктын бири тегиздикте жатса, экин­чиси биринчи түз сызыкка тиешелүү эмес чекитте тегиздикти кесип өтсө, анда берилген түз сы­зыктар кайчылашат. Кайчылаш түз сызыктар а ж-а b аркылуу бир гана түгөй параллель тегиздик a ж-а b (а∈α, b∈β) ж-а өз ара бири бирине перпендикулярдуу көптөгөн түгөйлөш тегиздиктер жүргүзүлөт.
Параллель эки α ж-а β тегиздиктин арасында­гы аралык Кайчылаш түз сызыктардын ортосундагы аралык деп аталат. Эгер а, b, с түз сызыктары түгөйлөш Кайчылаш түз сызыктар болсо, анда 3 кыры берилген 3 түз сы­зыкта жаткан бир гана параллелепипед түзүлөт. Ал эми төрт а, b, с, d түз сызыктары түгөйлөш кайчылашса, анда ошол төрт түз сызыкты тең кесүүчү түз сызыкты түзүүгө болот.