КАЙРА КУРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:08, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРА КУРУУ (1985–91) – СССРде М. С. Гор­бачевдун демилгеси м-н жүргүзүлгөн саясий ж-а экономикалык реформалар. Кайра курууга партиянын эски кадр­лары каршы турган, анткени бул система неги­зинен СССРдин тоталитардык системасын өзгөртүүгө багытталган. Маалымат каражатта­ры айкындуулук алып, саясий плюрализмге, кансыз согуштун аякташына, ошондой эле экономи­канын, айыл чарбасынын кризисине, улуттар аралык чыр-чатактарга алып келген [к. Желтоксан (Де­кабрь) окуясы; Карабах жаңжалы (1988)]. Сис­темалык кризистен чыгуу үчүн кескин чаралар­ды көрүү талап кылынган. Мындай кырдаалда 1985-жылы 11-мартта КПСС БКнын Генералдык сек­ретары болуп М.С. Горбачев шайланган. Жаңы башчы «өнүккөн социализмди» жаңылануу про­цессинен көргөн. Ушуга байланыштуу өлкөнүн экономикасын кайрадан куруп чыгуу концеп­циясын иштеп чыгуу каралган. 1985-жылы ички­ликке каршы өнөктүк башталып, күч колдонуу м-н арак-шарап чыгаруу азайтылып, жүзүмзар­лар кыйылып жок кылынган. Жогорку бийлик­тегилер алмаштырылып, «кадрдык революция» башталган. 1985–91-жылы КПСС БКнын мүчөлө­рүнүн 85%и жаңыланган. Партия м-н өкмөт жетекчилигине жаңы адамдар: Н. И. Рыжков, Б. Н. Ельцин, Э. А. Шеварднадзе, А. Н. Яков­лев ж. б. келишкен. КПСС БКнын 1987-жылдагы ян­варь пленумунун чечимине ылайык демократия ж-а айкындык жарыяланган. Кайра куруу процесси театр, кино, телекөрсөтүүлөрдүн программа­ларына өз таасирин тийгизген. Сталиндик реп­рессиянын курмандыктарын актоо боюнча 1987-жылы А. Н. Яковлев жетектеген комиссия түзүлгөн. Комиссия 20–30-жылдары саясий процесстерде курман болгондордун иштерин карап чыккан. Курман болгондорду комиссия 1989-жылы толук актаган. Ошондой эле айыл чарбасын коллективдештирүү мез­гилинде дыйкандарга болгон репрессия мыйзам­сыз деп табылган. 1988-жылы партиянын бүткүл союздук 19-конференциясынын чечимине ылайык бийлик партияга эмес, Советтерге тиешелүү бо­луш керек деп эсептелген. Бийликтин жогорку органы эл депутаттарынын съезди болуп кал­ды. Ушул максатта КПСС БКнын Генералдык секретарынын ж-а СССР Жогорку Советинин төрагалык пост­торун бириктирүү каралган. 1989-жылы май айын­да эл депутаттарынын 1-съезди болуп, ал эбе­гейсиз зор коомдук кызыкчылык жараткан. Съездде ар түрдүү саясий фракциялар түзүлгөн. 1990-жылы март айында эл депутаттарынын кезек­сиз 3-съездинде М. С. Горбачев СССРдин Прези­денти болуп шайланган. Ушул эле съездде СССР Конституциясынын 6-статьясы алынып, бул статья өлкөнүн турмушунда КПССтин жетекчи­лик ролун мыйзам түрүндө бекиткен. Коомдук турмушту демократиялаштыруунун натыйжа­сында өлкөдө кыймылдар м-н партиялар пайда боло баштады. Коомдук саясий кыймылдардын эң барандуусу Элдик фронттор болду. Союздук республикалардагы Элдик фронттор [«Саюдис» (Литва), «Рух» (Украина) ж. б.] өз элдеринин улуттук ж-а маданий кайра жаралуусу үчүн СССРден чыгуу ж-дө талаптарды ачык эле коё баштады. 1985–91-жылдарда КПССтин катарынан 5 млн адам чыккан. Партияда консервативдик ж-а радикал реформачыл топтор пайда болгон. Өлкөнүн эко­номикасын кризистен алып чыгуу үчүн Н. Рыж­ков, Г. Явлинский ж. б. өздөрүнүн программа­ларын сунуштап, кыска мөөнөттө менчиктеш­тирүү жүргүзүп, рыноктук мамилелерге өтүү бел­гиленген. Президент М. С. Горбачев компромисс­тик вариантты тандаган. Улуттар аралык ма­милелер кескин курчуп кеткен. 1989–90-жылдарда союздук республикаларда жогорку бийликке шайлоо­лор жүрүп, улуттук элитанын өкүлдөрү жеңип чыккан. 1991-жылы 12-июнда Россияда президент­тик шайлоо болуп, Б. Н. Ельцин жеңишке же­тишкен. 1991-жылы жай мезгилинде союздук респ­убликаларда эгемендик жөнүндө мыйзам кабыл алынып, республикалык мыйзамдар жалпы союздук мыйзамдан жо­гору турат деп жарыяланган. Мындай шарттар­да жаңы союздук келишим гана өлкөнүн би­римдигин сактап калмак. Келишимге кол коюу 1991-жылдын 20-августунда белгиленген. Кыргызстанда кайра куруу процессинде бүтүндөй өлкө боюнча партиялык же­текчиликти жаңылоо жүргөн. 1985-жылы чейрек кылымга жакын Кыргызстан КП БКны жетектеген Т. Усубалиев кызматынан бошотулуп, ордуна А. Масалиев шайланган. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Совети Кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Анда кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланып, орус тили улуттар аралык катнаштын тили катары таа­нылган. Республикадагы ишканалардын, айыл чарба өндү­рүшүнүн өз алдынчалыгы кеңейтилип, алар өзүн-өзү актоонун, башкаруунун, финансы­лоонун негизинде толук чарбалык эсепке өтө баштаган. 1991-жылы 7-августта Кыргызстанда рынок экономикасына өтүү боюнча мыйзам кабыл алы­нып, анда мамлекеттик ж-а коммуналык ишкана­ларды ижаралык, мамлекеттик акционердик ж-а ком­мерциялык коомдорго айландыруунун жол­дору аныкталган.

К. Алымкулов.