КАЙРАГАЧ-АРЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАГАЧ-АРЫК – Ош облусунун Араван районун­дагы кыштак. Нурабад айыл округуна караш-туу. Деңиз деңгээлинен 640м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Араван кыштагынан 15 км түндък-чы­гыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 36 км. Калкы 4109 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгек­тенет. Орто мектеп, китепкана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, чайкана иштейт.