КАЙРАГАЧ
КАЙРАГАЧ – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Бешкент айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 620 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана шаарынан 72 км түн.-чыгыш тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 50 км. Кыштак 1896-жылы негизделген. Калкы 3052 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.