КАЙНАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:00, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙНАЛЫ , к а р а ө р ү к (Prunus) – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы да­рак же бадал. Бийиктиги 3–12 м. Жалбырагы эл­липс же ланцет сымал, гүлү ак же кызгылт. Мөмөсү бир данектүү. Апрель – май айларында гүлдөп, август–сентябрда бышат. КМШ өлкөлө-

Кыргыз сонуну.


рүндө 7 түрү белгилүү. Мөмөсүндө 9–22% кант, 0,14–1,43% органикалык кислота, азоттуу зат, А, С, К ж-а В тобундагы витаминдер, минерал зат ж-а мик­роэлементтер болот: мөмөсү желет; кыям, шире, повидло ж. б. даярдалат. Кыргызстанда кайналы негизи­нен Чүй өрөөнүндө, Ош облусунда өстүрүлөт. Гек­тарынан 300 цден түшүм алынат. Суукка чы­дамдуу келет. Кайналынын Кыргызстанда байырлашты­рылган сорттору: таттуу кеайналы, Ренклод Альтана, Кыргыз сонуну, Анна шпетт ж. б. Зыянкеч­тери: өрүкчү күбө, өрүк курту, калкан сымал жалбыракчылар ж. б. Илдеттери: мөмө чири­ги, церкоспороз, клястероспориоз, дат ж. б.