КАЙКИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:50, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЙКИН Василий Матвеевич [9. 6. 1910, Жети- Суу облусу, Пржевальск уезди (азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району, Түп кыштагы) – 30. 1. 1945, Герма­ния, Альткессель темир жол бекети] – гвардиянын

улук сержанты, Советтер Союзунун Баатыры (27. 2. 1945, өл­гөндөн кийин). 1942-жыл­дан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта Кызыл Туулуу Мозырь гвардиялык атчандар дивизиясынын 54- гвардиялык атчандар пол­кунун пулемёт расчётунун командири. Сталинград, Борбордук ж-а 1-Белорус фронт­торунда салгылашкан. Кайкиндин расчёту Одерден өтүүдө (1945, 29-январь) жоо­нун 6 чабуулунун мизин кайтарган, душманды коргонуп жаткан жеринен кууп чыгып, эскад­рондун дарыядан өтүшүнө шарт түзгөн. Альт­кессель темир жол бекетин алуу үчүн салгылашта 100дөй фашистти жок кылып, душмандын ок­-дары жүктөлгөн 7 автомашинасын талкалаган. Ок-дарысы түгөнүп, душмандын курчоосунда калганда, танкага каршы гранатаны жарып, душманды кырган ж-а өзү да курман болгон. 2 жолу 3-даражадагы Даңк, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Түп кыштагында Кайкинге эстелик тургузулган. Анын ыс­мында мектеп, көчө бар.