КАИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАИ́Р (ар. Аль-Кахира) – Египет Араб Республикасынын борбору, шаар. Өз алдынча административдик бирдикти түзөт (мухафаза статусуна ээ). Өлкөнүн түндүк-чыгы­шында, Нил дарыясынын оң жээгинде жайгашып, Гезира ж-а Рода аралдарын ээлейт. Калкы 7,9 млн (2008; агломерациясында 16 млн; өлкөнүн калкынын 1/4 и). Африкадагы эң ири шаар. Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополи­тен. Каирди 969-жылы Фатимиддердин кол башчысы Жаухар ас-Сакали негиздеп, 973-ж. «Миср аль- Кахира» («Жеңиштүү Мысыр», арабча Кахира) деп аталган. 973–1171-жылдарда Фатимид халифатынын,


Шаардын жалпы көрүнүшү.

Айюбилердин (1171–1250), мамлюктардын (1250–1517) мезгилинде Каир – ири соода кол өнөр­чүлүктүн очогу. 1517-жылы шаарды осмон түрктөрү басып алып, бүлдүргөн. 1795-, 1804–05-жылдарда мам­люктар м-н түрктөргө каршы көтөрүлүштөр чык­кан. 1882-жылы англиялык аскерлер Египетти басып алганда Каирдин жаңы бөлүгү колониялык анк­лавга айланган. 1914–22-жылдарда Британия протек­таратынын административдик, 1922-жылдан Египет Королду­гунун, 1953–58-жылдарда Египет Республикасынын, 1958–71-жылдарда Бириккен Араб Республикасынын, 1971-жылдан Египет Араб Республикасынын борбору. Каирде Араб мамлекеттер лигасынын штаб-квартирасы (1945-жылдан), Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн тилектештик комитетинин туруктуу секретариатынын резиден­циясы (1957-жылдан) жайгашкан. Шаардын эко­номикасынын негизин жеңил өнөр жайы м-н туризм түзөт. Металл иштетүү, машина куруу, химия, тек­стиль өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (металл, тери ж. б. материалдардан буюм жа­соо) өнүккөн. Университеттер, Египет искусство академия­сы, музейлер (анын ичинде Египет, Копт, ислам искусст­восу), консерватория (1959-жылы негизделген), театрлар (анын ичинде опера, улуттук, эркин, куурчак ж. б.) бар. Ар кыл тарыхый доорлордогу 400дөн ашык архитектура эстеликтери, анын ичинде Рим (Вави­лон чебинин Траян мунарасы, б. з. 100-жылдар чен), Византия (копттордун чиркөөлөрү) мезгили­нин эстеликтери, Ибн-Тулун (9-кылым), аль-Азхар (10-кылым; анын астында дүйнөдөгү эң мурдагы университет иштейт, ал куранды үйрөтүүнүн башкы борбору) мечиттери, дарбаза (11-кылым), цитадель (12-кылым), көптөгөн медреселер, мамлюктардын мавзолейлери (15-, 16-кылымдардын башы) сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын тизмесине киргизилген.

Т. Чодураев.