КАЗЫБЕК (Ат-Башы районундагы кыштак)
КАЗЫБЕК (мурдагы Пограничник), К ы з ы л - Ж ы л д ы з – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Казыбек айыл округуна караштуу. Райондун борбору Ат-Башы кышнан 40 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 259 км. Калкы 3821 (2007); негизинен мал м-н алектенип, топоз багышат. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, оорукана, дарыкана ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.