КАЗУАР СЫМАЛДАР
КАЗУА́Р СЫМАЛДАР (Casuariiformes) – жалпак төштүү куштар түркүмү. Буту үч манжалуу.

Жүнү кылдуу. Эки тукуму (казуарлар ж-а эму) бар. Казуар сымалдардын башында мүйүз өсүндү «таажысы» болот, моюну ачык түстөгү калың терилүү, жүнү жок. Салмагы 80–90 кг. Жүнү кара, кылчыктуу. Толук өсүп жетилбеген канатында узун мүйүз өзөк –чалгын канатынын калдыгы бар.
Буттары күчтүү, 3 манжалуу, ич жакка караган манжасынын тырмагы курч, ал коргоочу кызмат аткарат. Жаңы Гвинеяда, ага коңшулаш аралдарда ж-а Австралиянын ТүнүкмиЧыгышындагы тропик өлкөлөрүндө 3 түрү кездешет. Тез чуркайт (саатына 40 км), жакшы сүзөт. Моногамдар, уясын жерге салып, 3–8 жумуртка тууйт, аны эркеги басып, жөжө чыгарат. Дарактан түшкөн мөмө, урук (дан), курт-кумурска м-н азыктанат.