КАЗБЕК ЧОКУСУ
КАЗБЕК ЧОКУСУ (грузинче Мкинвари – муздуу тоо; осетинче Урсхох – ак тоо) – Кавказдын эң кооз ж-а бийик чокуларынын бири. Чоң Кавказдын борбордук бөлүгүндөгү Каптал кырка тоосунун бийик чокусу. Бийиктиги 5033 мге жеткен жанартоо конусу. Грузия м-н Түндүк Осетиянын чек арасында. Дарыялар капчыгайынан Аскер-Грузин жолуна жакын тик көтөрүлөт. Капталдарын субальп шалбаасы, андан өйдө кар-мөңгү ээлейт. Өрөөн мөңгүлөрү (Девдораки, Мна, Суатиси ж. б.) басымдуу, мөңгүлөрдүн жалпы аянты 135 км2. Гергети мөңгүсүндө бийик тоо метеостанциясы жайгашкан. Альпинизм ж-а тоо туризминин борбору. Чоку тоо этегиндеги Казибеги (Казибек князынын) айылынын атынан аталган.