КАЗАН ХАНДЫГЫ
КАЗАН ХАНДЫГЫ (1438–1552) – Орто Волга боюндагы феодалдык мамлекет. Алтын Ордодон бөлүнүп чыгып, Волга-Кама Булгариясынын аймагында түзүлгөн. Казан хандарынын династиясын Улуу Мухаммед (1438–45) негиздеген. Борбору Казан шаары. Калкы – казандык татарлар, марылар, чуваш, удмурт, мордва ж-а башкырттар. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк м-н кесиптенишкен. Россия, Сибирь, Кавказ ж-а Чыгыш өлкөлөрү м-н соода жүргүзгөн. Башкы бийликти хан жүргүзгөн. Мусулман дини зор роль ойногон. Казан хандыгы даругдарга (округдар) ж-а улустарга (вилайеттерге) бөлүнгөн. Аскери хандык гвардиядан, жеке феодалдардын отряддарынан, феодалдарга салык төлөгөн эркин дыйкандардан куралган. Казан хандыгы түзүлгөндөн баштап эле орус жерине жортуулдар жасап, 16-кылымдын 20-жылдары күчөгөн. Казан аскерлеринин орус жерлерине талоончулук кол салуулары ийгиликсиз аяктаган. Казан хандыгы 1487–1521-жылдарда Россияга, 1524-жылдан Түркияга вассалдык көз карандылыкта болгон. Казан казаттарынан (1545–52) кийин Казан хандыгы жоюлган. Орто Волга бою Россияга бириктирилген.
Ад.: Хамидуллин Б. Л. Народы Казанского ханства: этносоциологическое исследование. Казань, 2002; Измайлов И. Л. Введение в историю Казанского ханства: Очерки. Казань, 2005.