КАЗАН-КУЙГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАН-КУЙГАН – Нарын районундагы кыштак. Казан-Куйган айыл округуна караштуу. Кара- Кужур суусунун боюнда, тоо этегинде, деңиз деңгээлинен 2255 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Нарын шаарынан 38 км түндүк тарапта. Балык­чы темир жол бекетинен 142 км. Кыштак 1915-жылы негизделген. Калкы 1152 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алектенип, тоют белендөөдө эмгек­тенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, оорукана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдө­рү, 2 тегирмен, мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.