КАЗАЛ
КАЗАЛ (ар. газал) – чыгыш элдеринин лирикалык поэзиясына мүнөздүү ыр түзүлүшү. Ашыктык ырларынын өзүнчө формасы катары 5–6- кылымдарда араб жазма поэзиясында пайда болгон. 9– 10-кылымдардан тартып фарс, тажик өзбек, уйгур, азербайжан, түркмөн ж. б. түрк тилдериндеги классикалык адабиятта кеңири тараган. Казал – баштан аяк бир өңчөй үндөштүктө (монорифмада) жаралчу ыр. Казал жанрынын мотивин алгач сүйүү, айрылуу ж-а арман ырлары түзсө, кийин коомдук, социалдык, саясий, философиялык, этикалык, дидактикалык, сатирикалык ж. б. маселелерди да камтыган. Салт боюнча, казал эки бейттен он эки бейтке созулат (бул көлөмдөн ашканда казал касыйда жанрына ооп кетет). Адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөөнүн чеберлери Рудаки, Саади, Хафиз, Жами, Низами, Физули ж. б. атактуу акындар казал жанрын өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген.
Чыгыш поэзиясынын таасири (котормо аркылуу) м-н казал формасына батыш европалык (И. Гёте, Ф. Боденштедт) ж-а орус (В. Брюсов, В. Иванов, И. Северянин) акындары да кайрылышкан. Казал азыр да айрым элдердин (мисалы, өзбек, уйгур, азербайжан) поэзиясында учурайт. Кыргыз поэзиясында казал Улуу Октябрь революциясына чейинки жазгыч акындардын ырларын жалпысынан казал дешкен. Советтик доордогу кыргыз акындарынын ичинен казалды К. Бобулов жазган.