КАЗАК ХАНДЫГЫ
КАЗАК ХАНДЫГЫ (болжол м-н 1456–1847) –
казак элинин алгачкы мамлекеттик курамы. 1465– 66-жылдарда Жаныбек хан (Чыңгыз хандын тукуму Барак хандын уулу) бир тууганы Керей экөө Абулхайр хандан (көчмөн өзбектер) бөлүнүп, Моголстанга көчүп кетиши Казак хандыгынын түзүлүшүнө өбөлгө түзгөн. Эсен-Бука хан аларга Чүй өзөнүнүн төмөн жагындагы Козу-Башы деген жерди берген. Абулхайр хан өлгөндөн кийин, анын улусу бириндеп, элинин көбү Жаныбек м-н Керейге келип, алар «өзбек-казактар» деп атала баштаган. Керей, Бурундук, өзгөчө Касым хандарынын (1503/11–1518) учурунда калкы 1 млнго жеткен Казак хандыгы Дешти-кыпчакты кучагына алган. Тахир хандын (1523–33) тушунда казактардын саны азайган ж-а ал бир нече жолу кыргыздарга келип, баш калкалоого аргасыз болгон. Мухаммед Хайдар Дулати «Тарих-и Рашиди» деген эмгегинде Буйдаш хандын тушунда казактар (20 миң ) азайып, ал өлгөндөн кийин Моголстанда казак калбаганын жазган. Акназар (1538–80), Шыгай (1580–82/86), Тобокел хандардын (1586–98) тушунда Казак хандыгы калыбына келип, Эшим хандын (1598–1628/45) Турсунду (катаган ханы) жеңиши м-н кайрадан күчүнө кирген. 17–18-кылымдардагы Жуңгар хандыгынын чабуулдарынан Казак хандыгы чыгыш, түштүк-чыгыш аймактарынан ажыраган. Казак хандыгы үч жүзгө (17-кылымдын аягында), жүздөр өз алдынча бир нече хандыктарга бөлүнгөн (18-кылымдын аягы–19-кылымдын башында). Кенесары хандын өлүмүнөн (1847) кийин Казак хандыгы биротоло жоюлган.
Ад.: Вельяминов-Зернов В. В. Исследование о Касимовких царях и царевичах. СПб., 1864; Левшин А. И. Описание киргиз-казачьих орд и степей. А., 1996; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; История Казахстана (с древнейших времен до наших дней). В пяти томах. А., 2000.