КАЗАКБАЕВ
КАЗАКБАЕВ Абдыкаир (20. 1. 1920, Чүй облусу, Кемин району, Чым-Коргон кыштагы – 25. 8. 1967, Фрунзе) – мамлекеттик ж-а коомдук ишмер. КАЧИни (1945), КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык

мектепти (1947) бүтүргөн. 1943–44-жылдарда Кыргызстан ЛКЖС БКнын секретары, 1947– 49-жылдарда партиянын Фрунзе обкомунун үгүт ж-а саясат бөлүмүнүн башчысы, 1949– 51-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы искусство иштери боюнча башкармалыктын башчысы, 1952–53-жылдарда Кыргызстан КП БКнын илим ж-а искусство бөлүмүнүн башчысы, 1953–58-жылдарда Кыргыз ССР маданият министри, 1958–63-жылдарда Кыргызстан КП БКнын секретары, 1963–66-жылдарда Кыргызстан КП БКнын алдындагы тарых институтунун директору, 1966– 67-жылдарда В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтунда проректор болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы (1955– 65). Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты. 2 Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.