КАЖЫ-САЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:34, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЖЫ-САЙ – Ысык-Көл облусундагы шаарча (1947-жылдан). Тоң районунун аймагында. Ысык- Көлдүн түштүк жээгинде (2 км), Балыкчы – Кара­кол автомобиль жолунун боюнда, Кажы-Сай өндүрүндө деңиз деңгээлинен 1700 м бийикте жайгаш­кан. Шаарча жайгашкан өндүр кооз, ал жерден туристтик маршрут өтөт. Райондун борбору Бө­көнбаев кыштагынан 17 км чыгыш тарапта. Балык­чы темир жол бекетинен 115 км. Сөгөттү көмүр ке­нин казууда негизделген. Калкы 4,2 миң (2009); негизинен кыргыз, орус, ошондой эле казак, өзбек, уй­гур, дуңган ж. б. жашайт. Борбордук шахтасы (жергиликтүү мааниге ээ), электр-техника заводу (күч берүүчү жа­рым өткөргүч өзгөргүчтөрдү, тиричиликке ке­ректүү плиталарды ж. б. чыгарат) бар. Орто ж-а музыкалык мектеп, 2 мектепке чейинки балдар мекемеси, клуб, 2 китепкана бар. Медициналык-санитардык меке­мелер, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, соода түйүндөрү иштейт. Келечекте курорт катары өнүктүрүлүп, эс алууга ылайыкташты­рылган мекемелерди куруу пландаштырылууда. Кажы-Сайга жакын жерден күрөң көмүр, айнектик кум ж-а жошо чыгат.