КАДУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДУ – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кыз-Көл айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 660 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Сузак кыштагынан 64 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 62 км. Кыштак 1860-жылы негизделген. Калкы 2100 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, амбулатория бар.