КАДДАФИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДДА́ФИ , Муамар бен Мухаммед Абу Меньяр Абдель Салям бен Хамид аль-Каддафи (1942-жылы туулган, Ливия, Сирт шаары) – Ливиянын мамл. ж-а сая­сий ишмери. Ливиянын «революциячыл жетек­чилигинин» башчысы. «Эркин офицерлер» ую­мун түзүүчүлөрдүн бири.

Полковник. Ливия университе­тинин тарых факультетин (1963), Ливиядагы аскер окуу жайын (1965), Улуу Бри­таниядагы Боунингтон- Хис аскер окуу жайынын даярдоо курсун (1966) бүт­көн. 1969–77-жылдарда революциялык командачылык ке­ңешинин төрагасы, 1970- жылдан Ливия Араб Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы ж-а Улуттук коргоо Кеңеши­нин төрагасы, 1970–72-жылдарда премьер-министр, 1972–74-жылдарда Араб социалисттик уюмунун төрагасы, 1977- жылдан жалпы элдик конгресстин генералдык секретары. 1969-жылы 1-сентябрда ливиялык ар­миянын жаш офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, королдук бийликти кулатып, Ли­вия Араб Республикасы жарыяланган. Бийлик Каддафи ба­шында турган революциялык командачылык кеңеш­ке өткөн. 1970-жылы Ливия аймагындагы британ­дык ж-а америкалык согуштук базаларды жойгон. Еги­пет президенти Г. А. Насер м-н жакшы мами­леде болгон. 1971-жылы Египет, Сирия ж-а Тунис м-н бирдикте Араб Республикалар Федерациясын түз­гөн. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму­нун иш чараларына көмөк көрсөткөн. 1973-жылы Ливиядагы чет элдик мунай компаниялары м-н банктарды мамлекеттештирген. 1974-жылы «ислам­дык социализм» программасын жарыялап, өлкөдө араб социалисттик уюмуна гана жол берип, баш­ка партияларга тыюу салган. 1980-жылдары Ли­вияда экономикалык, административдик реформаларды жүргүзүп, согуш чыгымдарын кыскартууга аракеттенген. Батыш өлкөлөрү, АКШ Каддафини террористтерди ж-а тер­рорчул уюмдарды колдойт деп таап, Ливияга каршы экономикалык ж. б. санкцияларды колдонгон. 2004-жылы бул экономикалык санкциялардын көбү алынган.