КАДАСТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДА́СТР (фр. сadastre – системалаштыруу) – тийиштүү объектилер ж-а кубулуштар боюнча мез­гил-мезгили м-н же болбосо үзгүлтүксүз байкоо­нун негизинде ырааттуу чогултулган маалымат жыйнагы. Табият-ресурстук блокко тийиштүү кадастрларда объектинин орду, физикалык-географиялык мүнөздө­мөсү, классификациясы, изилдөө деңгээли, бай­коонун узактыгы, динамикасы ж. б. боюнча маалы­маттар камтылат. Мындай кадастрдын негизги эле­менти катары карталар пайдаланылат. Бүгүнкү күндө кадастрлардын көбүнүн маалымат базасы компьютердик каражаттарда түзүлөт. Табият­ ресурстук бөлүккө суу, климат, ландшафт, то­кой, геология, медицина, география, минералдык ре­сурстар, өзгөчө коргоого алынган аймактар, рек­реация, топурак, зыяндуу таштандыларды бө­лүп чыгарган жерде жайгашкан булактар ж. б. кадастрлар кирет.