КАГАЯН-ДЕ-ОРО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:44, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАГАЯ́Н-ДЕ-О́РО – Филиппиндеги шаар. Мин­данао аралынын батышында жайгашкан. Чыгыш Мисамис провинциясынын административдик борбору. Кал­кы 526,9 миң (2008); чоңдугу б-ча Минданао аралындагы Даваодон кийинки 2-шаар. Маанилүү жолдор тоому. Деңиз порту. Филиппин архипе­лагындагы башка аралдар м-н паром аркылуу байланышат. Испандар тарабынан 1622-жылы не­гизделген. Тамак-аш (кофе, кургак сүт, консер­вацияланган жемиштер, ширелер, суусундуктар, кокос майы чыгарылат, деңиз балырлары иш­тетилет), жыгаччылык, пластмасса буюмдары өнөр жай ишканалары иштейт. Ыйык Августин ка­федралуу собору, менчик университеттер, лицей ж. б. бар. Жыл сайын Ыйык Августин фестивалыөткөрүлөт. Туризм өнүккөн.