КАВКАЗ ӨНДҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАВКА́З ӨНДҮРҮ – Чоң Кавказдын түндүк кап­талын улай жаткан аймак. Түндүгүнөн Кума- Маныч өрөөнү, батышынан Азов деңизи, Керч кысыгы, чыгышынан Каспий деңизи м-н чекте­шет. Батыш Кавказ өндүрүнө (Кубань-Азов бою ойдуңу, Кубань бою түздүгү, Тамань жарым аралы), Орто Кавказ өндүрүнө (Ставрополь дөңсөөсү, Терек-Сунжа дөңсөөсү Минералдуу суулар тобундагы тоо-лакколит­тер – Бештоо, Машук ж. б.) ж-а Чыгыш Кавказ өндүрүнө (Терек-Кума ойдуңу) бөлүнөт. Кавказ өдүрүндө Красно­дар ж-а Ставрополь крайлары жайгашкан.