КАБЫЛАН-КӨЛ
КАБЫЛАН-КӨЛ – Ош облусунун Чоң Алай районундагы кыштак. Кабылан-Көл айыл округуна караштуу. Коңур-Дөбө тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1690 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 24 км. Ош темир жол бекетинен 53 км. Калкы 592 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП иштейт.