«КАБЛАНДЫ»
«КАБЛАНДЫ» – казак элинин баатырдык эпосу. Эпостун 29 варианты белгилүү. Анын жыйырма алтысында Кабланды баатырдын эрдиктери баяндалат. Эпостун Шапай Калмагаметовдун айтуусундагы вариантынын көлөмү 6490 сап ыр. Бул вариант казак ж-а орус тилдеринде китеп болуп басылып чыккан ( М., «Наука», 1975). Кабланды – кыпчак уруусунан чыккан Токторбай байдын баласы. Ал эр жетип чоңойгондо жамбы атышууда мөрөй алып Аймак хандын Куртка аттуу кызына үйлөнөт. Кабланды калмактар м-н согушта колго түшүп калып, Көбөк баатырдын кызы Карлыганын жардамы м-н туткундан бошонуп, андан соң душмандарды талкалап, эл-жерине кайтат. Эпосто башка элдердин баатырдык эпосторундагыдай эле салттык мотивдер бар. Мисалы, Кабландыны атасы Токторбай 80 жашка чыкканда көрүшү, Кабландынын эрте жетилип, жоого аттанышы, калмактардын ичинен «чыккынчынын» чыгышы, баатырдык салт боюнча үйлөнүү ж. б.