ЙОГОЧАРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЙОГОЧАРЛАР – буддизмдеги негизги эки агым­дын биринин – түндүк буддизми болуп саналган махаянанын жолун жолдоочулар. Башкы өкүл­дөрү: Асанга (4–5-кылымдар), Васубандху (5-кылым), логик­тер – Дигнага (6-кылым) ж-а Дхармакирти (7–8-кылымдар). Инсандын психикалык болмушунун бирден бир реалдуулугу жөнүндөгү буддисттик идеяны конкрет­тештирип, йогочарлар ар кандай мазмундан ажыратыл­ган таза аң-сезимдин (вижнянанын) артыкча маанилүүлүгү жөнүндөгү концепцияны өнүктүргөн. Адамдын умтулууларынын максатын түзгөн ушундай абалга жетүү – бодхи (сөзмө-сөз – «акыл-эстин ордуна келүүсү») же нирвана. Йо­галардын тажрыйбасы ага жетүүнүн башкы ка­ражаттарынын бири деп эсептелет.