ИШКАНА
ИШКАНА – эмгек коллективи тарабынан мүлктү пайдалануунун негизинде продукция чыгарууга ж-а сатууга‚ жумуш аткарууга‚ кызмат көрсөтүүгө юридикалык укугу бар өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект. Ишкана мыйзамдар м-н тыюу салынбаган ж-а анын уставында каралган максаттарга жооп берген бардык эле чарбалык ишмердикти жүргүзүүгө укуктуу. Ишкана юридикалык жак укугуна ээ‚ анын өз алдынча балансы‚ банктарда эсептешүү ж-а башка эсептери‚ өз аталышы түшүрүлгөн мөөрү болот. Ишкананын жеке (үй-бүлөлүк)‚ жамааттык‚ муниципалдык‚ мамлекеттик түрү бар. Ошондой эле чарбалык коом ж-а өнөктөштүк‚ өндүрүштүк кооператив‚ ижаралык ж. б. түрлөрү да кезигет. Ишкана стратегиялык башкаруу көз карашынан алып караганда өзүнүн тышкы чөйрөсү м-н көптөгөн өзгөчө байланыштагы комплекстүү‚ ачык социалдык-экономикалык система болуп саналат. Ал эми стратегиялык башкаруу объекти катары структуралык бирдиктердин (чарбалык бөлүктөрдүн): концерн‚ фирма‚ завод ж. б. өндүрүштүн бир бүтүндүгүн түшүндүрөт.