ИЧКИ ЭНЕРГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКИ ЭНЕ́РГИЯ н е р с е н и н – физикалык система­нын ички абалына көз каранды энергия. Ага микробөлүкчөнүн (молекула, атом, ион ж. б.) башаламан (жылуулук) кыймылынын ж-а ошол бөлүкчөнүн өз ара аракеттешүү энергиясы ки­рет. Ички энергия – системанын термодинамикалык абалын анык­тоочу функция, башкача айтканда система ар бир абалда бел­гилүү бир ички энергияга ээ. Ички энергия түшүнүгүн 1851-жылы англиялык физик У. Томсон (лорд Кельвин) киргизген. Физикалык системанын ички энергиясынын өзгөрү­шү (DU) ага сырттан берилген жылуулук саны (dQ) м-н системанын сырткы күчүнө каршы аткарган жумушунун (d А) айырмасына бара­бар: DU=d Q– dА. Бул теңдеме – термодина­микадагы энергиянын сакталуу закону. Систе­манын кабыл алган жылуулук саны ж-а аткар­ган жумушу анын абалын өзгөрткөн процесстин мүнөзүнө көз каранды. Эгер система чөйрө м-н жылуулук алмашпаса (адиабата процесси), анда dQ = 0 болгондуктан, DU = –dА алынат, башкача айтканда системанын ички энергиясынын өзгөрүшү сырткы күчкө каршы аткарылган жумушка барабар. Термодинамикалык тең салмактагы системанын ички энергиясы температурага ж-а көлөмгө көз каранды. Физикалык системанын ички энергиясы молекулалык-кинетикалык теориянын негизин­де да аныкталат. Төмөнкү температурада абсолюттук нөлгө жакындаганда суюк ж-а катуу заттардын ички энергиясы белгилүү турактуу маанисине U0 умту­лат. U0 дун мааниси Ички энергияны эсептөөнүн башта­лышы катары колдонулат.


Ад.: Базаров И. Т. Термодинамика. М., 1983.