ИЧКЕ-СУУ
ИЧКЕ-СУУ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу. Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1712 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 8 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 199 км. Калкы 1210 (2007); негизинен мал м-н алектенишет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, ФАП бар.