ИТ-АГАР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 24 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТ-АГАР ТООСУ – Талас Ала-Тоосунун түштүк тармагы. Ит-Тар, Арым, Чоң Чычкан суула­рынын (Нарындын оң куймалары) аралыгын­да батыштан түштүк-чыгышка 28–30 кмге созу­луп жатат. Туурасы 7–9 км. Орточо бийиктиги 3400– 3600 м, эң бийик жери 4086 м. Кыры аска-­зоокалуу ж-а мөңгүлүү, түштүк-чыгышты карай жапыздайт. Капталдары тик (40–50°), тар кап­чыгайлуу, кокту-колоттуу. Негизинен төмөнкү палеозойдун порфириттүү гранит, гранит-дио­рит интрузия ж-а метаморфизмделген тектери­нен түзүлгөн. Шалбаалуу талаа ж-а шалбаа­ бадалдуу талаа (2800–2900 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа, сейрек бетегелүү талаа (3300–3400 м бийикке чейин), андан жо­гору кар-мөңгүлүү ландшафттар мүнөздүү. Жай­кы жайыт.