ИСФАЙРАМ-САЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСФАЙРАМ-САЙ , И с п а й р а м – Кыргызстандын Баткен облусунун ж-а Өзбекстандын аймактары аркылуу аккан суу. Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, Чоң Фер­гана каналына кошулат. Узундугу 122 км, алабынын аянты 2220 км2. Фергана ойдуңуна чыккан же­ринде кеңири жайылма шилендилерди пайда кылат. Алабында жалпы аянты 37,4 км2ге жеткен 39 мөңгү бар, Июлда кирип, сентябрда тартылат. Февралдан мартка чейин сууга өтө өксү. Жылдык орточо чыгымы 22 м3/сек; эң көбү – 162 м3/сек, эң азы – 5,7 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Кубасай кыштагы орун алган.