ИСМАИЛОВ Асейин

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:46, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАИЛОВ Асейин (10. 3. 1937, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Барскон айылы – 22. 2. 2008, Бишкек) – философ, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1989). КМУну (1961), СССР ИАнын философия институтунун аспирантурасын (1973) бүтүргөн. 1968–69-жылдарда КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1974–76-жылдарда Н. Э. Бау­ман атындагы МТЖОЖдо, ошол эле учурда Н. Э. Циол­ковский атындагы авиациялык техникалык институтунда окутуучу, 1976–85-жылдарда РСФСР эл агартуу министрлигинин улуттук мектептер аралык ИИИде кызматкер, 1978–81-жылдарда Моңгол мамлекеттик университетинде профессор-кон­сультант, 1987–91-жылдарда СССР элге билим берүү мамлекеттик комитетинин жогорку мектебинин жаштарга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн диалектикасы илим-изилдөө лабораториясынын, 1987-жылдан КМУнун философия кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 170тен ашуун илимий эм­гектин (анын ичинде 10 монография) автору. Эмгектери негизинен улуттар ортосундагы мамилелерге ж-а философиялык, социологиялык талдоонун объектиси ката­ры турмуш-тиричилик чөйрөсү м-н өндүрүштөн сырткары мамилелерди изилдөөгө арналган.

Эмг.: Кыргыз элинин тарыхынын философиясы, Б., 2004; Философия духа кыргызского народа, Б., 2002; Философия истории кыргызского народа. Б., 2004.