ИСЛАНДДАР
ИСЛАНДДАР (өздөрүн ислендингар деп аташат) – эл, Исландиянын жергиликтүү калкы. Саны 290 миң киши (2006). Ошондой эле Канада, АКШ, Дания, Швеция, Норвегия ж-а Германияда да жашашат. Исланд тилинде сүйлөшөт. Христиан дининин протестант (лютеран) тармагын тутушат. Исланддар 9–10-кылымдарда Норвегиядан көчүп келген байыркы скандинавиялыктардын тукумдары. 13–14- кылымдарда исланд эли түзүлүп, улут катары калыптана баштаган. Исланддардын улуттук өсүшүнө Даниянын узак жылдар (1380-жылдан) үстөмдүк кылышы терс таасир тийгизген. Даниялык бийликке каршы күрөштөрдүн негизинде исланддар 1918-жылы өз алдынчалыкка ээ болуп, эне тили, маданияты, үрп-адат, улуттук салттары өнүгө баштаган. Исланддар мал чарбачылык, балыкчылык ж-а кол өнөрчүлүк м-н кесиптенишип, дубалы темир-бетондон тургузулуп, чатыры шифер ж-а темир м-н жабылган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийими аялдарда көбүрөөк колдонулат. Алар жүндөн токулган белдемчи, ак көйнөк, алжапкыч, оймо-чиймеленген кара же кызыл түстүү чыптама, булгаары бут кийим, айрымдары кара матадан тигилген узун көйнөк (жакасы м-н жеңи баркыттан салынып, кооздолгон), башына кара баркыт калпак кийип же жоолук салынышат. Эркектери матадан тигилген күрмө, шым, жылуу сокмо көйнөк ж-а тизеден өйдө байпак, тюлень терисинен башмак, башына калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан ж-а сүт азыктары.
Ш. Керимова.