ИСЛАМОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:34, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСЛА́МОВ Юрий Верикович [1968, Ош (азыр­кы Жалал-Абад) облусу, Базар-Коргон району, Арс­танбаб айылы – 31. 10. 1987, Афганистан, сөөгү

РФтин, Свердлов облусунда­гы, Талица шаарына коюлган] – жоокер-интернационалист, кенже сержант, Советтер Союзунун Баатыры (1988). 5-класска

чейин Мичурин атындагы мектеп­те (Арстанбаб айылы) оку­ган, кийин Свердлов облусунун Талица шаарындагы № 55 орто мектепти бүткөн. 1985-жылы Урал токой-техникалык институтуна өтүп, анын 2-курсунан Советтик Армиянын катары­на чакырылып, Афганстанда кызмат өтөгөн. Буктурмага кабылган жолдошторунун кутулуп кетишине шарт түзүп, акыркы огу калганча аты­шып, курчап алган душмандарды өзү м-н кошо жок кылган. Ленин ордени, «Каармандыгы үчүн» медалы м-н сыйланган. Талица шаарына эстелик тургузулган.