ИСКРА (Чүй районундагы кыштак)
И́СКРА – Чүй районундагы кыштак. Искра айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 908 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Токмок шаарынан 12 км чыгыш тарапта. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 2493 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана бар. Чүй кушкана фабрикасы, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.