ИРРАЦИОНАЛДЫК САН
ИРРАЦИОНАЛДЫК САН – рационалдык эмес (бүтүн же бөлчөк эмес) сан, башкача айтканда а/b (мында а, b бүтүн сандар, b/0) түрүндө туюнтууга мүмкүн болбогон сан. Ирроционалдык сан геомитриялык түрдө бирдик узундуктагы кесинди м-н ченелбөөчү кесиндинин узундугун туюнтат. Чыныгы ирроционалдык сандар Дедекинд кесилиши м-н же мезгилсиз ондук бөлчөк түрүндө туюнтулушу мүмкүн, мисалы, 0,010010001...,2 =1,41 ..., π=3,14...,lg7, сos29°31′ ж. б. иррационалдык катыштардын болушу (мисалы, квадраттын диагоналдарынын анын жактарына болгон катышынын иррационалдуулугу) байыртан эле белгилүү болгон а санынын иррационалдуулугун немис математиги И. Ламберт (1766) аныктаган. Ошондой болсо да ироционалдык сандын так теориясы 19-к-дын 2-жарымында гана түзүлгөн (немис математиктери Р. Дедекинд, Г. Кантор, К. Вейерштрасс). Иррационгалдык сандардын көптүгү эсепсиз. Ирроционалдык сан рационалдык эмес алгебралык сан ж-а трансценденттик санга айырмаланат, к. Сан.