ЖАМБЫЛ ОБЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМБЫЛ ОБЛУСУ Казакстан Республикасынын түш­түгүндө. 1939-жылы 14-октябрда уюшулган. Аян­ты 144,5 миң км2. Калкы 1,2 млн (2024). Об­луста 10 административдик район, 4 шаар, 13 шаарча бар. Борбору – Тараз шаары. Аймагынын көп бөлүгү түзөң келип, түндүгүн Бетпак-Талаа, Моюн-Кум (бийиктиги 665 м, Байкара тоосу) чөлү ээлейт. Түштүк-батышындагы Барак-Тоо (бийиктиги 1660 м), чыгыш жана түштүк-чыгышында Жел-Тоо, Ай-Тоо (1506 м), түштүгүндө Кыргыз Ала-Тоосу (400 м) жатат. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы –10…–12°С, июлдуку 25–26°С. Жыл­дык жаан-чачыны түздүктөрүндө 100 ммден 500 ммге, тоолорунда 800–900 ммге чейин. Агын суулары өтө аз, ирилери: Чүй, Талас, Асса жана башкалар. Түндүк-чыгышында Балкаш көлү жайгашкан. Газ, фосфорит, түстүү металл (алтын, күмүш), таш көмүр, барит, гипс, туз, курулуш материалы казылып алынат. Боз, шор, шортоң топурак басымдуу. Тоо этектеринде коңур-кызыл топу­рак таралган. Чөлдөрүндө сөксөөл, чий, Чүй, Талас сууларынын боюнда тал-терек, тоолорунда арча, ыргай жана башкалар өсөт. Тоо-кен, химия, жеңил, тамак-аш, булгаары-бут кийим, фосфорит өнөр жайы, спирт, май заводдору бар. Дан эгин (буудай, арпа), жүгөрү, кант кызылча, картөшкө, жашылча-­жемиш айдалат. Бакчачылык, жүзүмчүлүк, эт­ сүт багытындагы мал чарбасы, каракөл коюн өстүрүү өнүккөн. Ири автомобиль жолу – Ал­маты – Мерке – Чымкент. Облустун аймагы ар­кылуу Бухара – Алматы газ кууру өтөт.