ИНДИКАТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 21 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДИКА́ТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР – сырткы чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү бол­гон, анын абалын, ар кандай таасирлерин көрсө­түп туруучу микроорганизмдер. Индикатор микроорганизмдерди изил­дөө топурактын микробиологиясынын өнүгүшү м-н коштолуп, алардын жардамы м-н топурак­тын тибин, анын агротехникалык, агрохимиялык ыкмала­рынын топуракка таасирин аныктоого жардам берет. Ошондой эле микроорганизмдер аба, суу, топурак ж. б. жаратылыш объектилеринин ар түрдүү химиялык (оор металлдар, пестициддер) радиоактивдүү заттар м-н булганышынын мыкты көрсөткүч­төрү болуп эсептелет. Топуракта кээ бир биоген­дик элементтер бар экендигин көрсөткөн мик­роорганизмдер кездешет. Мисалы, азотобактер каль­ций, магний, азот, ошондой эле, оор металлдардын: Hg, Pb, Cd, Zn, Mo ж. б. элементтердин топу­рактагы бир аз концентрациясын да сезет. Ар кан­дай типтеги топурактын санитариялык абалын баалоодо ичеги таякчасы ж. б. микроорганизм­дер колдонулат.


Т. Дөөлөткелдиева.