ИНГУШ ТИЛИ
ИНГУ́Ш ТИЛИ – Ингушстанда жашаган ингуштардын тили. Ибер-кавказ тилдеринин нах тобуна кирет. Чечен тилине жакын. Октябрь революциясына чейин жазмасы болгон эмес. Алфавити орус графикасынын негизинде түзүлгөн. Ингуш тилинде үндүү тыбыштар, жөндөмөлөр арбын. Сөздөрү жакталбайт. Лексикасына орус, араб, фарс, түрк ж. б. тилдерден көп сөз кирген.