ИНГАЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:42, 21 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНГАЛЯ́ЦИЯ (лат. inhalāre – дем алам) – дары заттарын организмге дем алуу аркылуу жиберүү. Абдан майдаланган дары заттар буунун же кы­сылган абанын агымы м-н ингалятордон оору­луунун дем алуу жолдоруна кирет. Инголятор­дун туруктуу (стационардык) ж-а көчмө түрү болот. Ингаляция врачтын көрсөтмөсү м-н гана мурун ­колко, кекиртек, бронх, өпкө ж. б. дем алуу органдарынын ооруларын дарылоо ж-а алдын алуу үчүн колдонулат. Жекече пайдалануу үчүн ар кандай түзүлүштөгү портативдүү чөнтөк ин­галяторлору бар, алардын айрымдары даяр дары аралашмасы м-н толтурулат. Жогорку дем алуу жолдорунун тамакты кургаткан айрым оору­сунда буулоочу ингаляцияны үйдөн (врачтын көрсөтмөсү м-н) жасоого болот.