ИНВЕСТИЦИЯЛЫК БАНКТАР
ИНВЕСТИЦИЯЛЫК БАНКТАР – акча каражаттарын тартуу‚ узак мөөнөткө насыя берүү ж-а экономиканын ар түрдүү тармактарын финансылоо максатында баалуу кагаздар м-н иш жүргүзүүгө адистешкен атайын насыя-финансы институту. Банктардын тарыхый депозиттик-ссудалык эсеп ж-а эмиссиялык-уюштуруу иштери‚ башкача айтканда коммерциялык ж-а инвестициялык банктардын иштеринин айкалышы алардын универсалдашуусунун маанилүү түрү болгон. Айрым өлкөлөрдө (АКШ‚ Италия‚ Франция) кризистен кийин 1929–33-жылдарда инвестициялык банктардан коммерциялык банктардын бөлүнүшү мыйзамдаштырылган. Коммерциялык банктардын өз акцияларын ж-а кредиттерин сатышы инвестициялык банктар ресурстарынын булактары болуп саналат. Инвестициялык банктар коммерциялык банктардан айырмаланып‚ депозиттерди кабыл албайт, эмиссиялык-уюштуруу ишмердигин жүргүзөт‚ башкача айтканда баалуу кагаздарды чыгарат ж-а жайгаштырат. Инвестициялык банктар карызкор м-н инвесторлордун ортосунда төмөнкү негизги милдеттерди аткарат: 1) баалуу кагаздардын эмиссиясын уюштуруу‚ карыздын шарттарын карыз милдеттенмелери (акциялар‚ облигациялар ж. б.) түрүндө макулдашуу; 2) баалуу кагаздарды чыгаруу ж-а жайгаштыруу‚ анын ичинде өз эсебинен; 3) эмиссия гаранты (инвестициялык банктар чыгарылган баалуу кагаздардын сатылбаган бөлүгүн сатып алууга милдеттенет); 4) инвесторлорго орто ж-а узак мөөнөттүү насыя – баалуу кагаздарды сатып алуучуларга берүү; 5) консультациялык кызмат көрсөтүү ж. б. Чет мамлекеттерде инвестициялык банктардын милдетин борбордук ж-а адистештирилген банктар аткарат. Эл аралык инвестициялык банктар өзгөчө орунду ээлейт‚ анын ичинде эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкы‚ Америка аралык өнүгүү банкы‚ Азия өнүктүрүү банкы‚ Африка өнүгүү банкы бар. ЕЭС алкагында 1959-жылдан Европа инвестициялык банкы иштейт.