ИМПОТЕНЦИЯ
ИМПОТЕ́НЦИЯ (лат. impotēntia – начардык, алсыздык), ж ы н ы с а л с ы з д ы г ы – негизинен эркектин жыныстык катнашууга жөндөмсүз абалы. Импотенцияга айрыкча ички ж-а сырткы жыныс органдарынын тубаса кемтиги, функциясынын бузулушу себеп болот. Жыныстык катнашууда өзүн-өзү кемсинтүү, оорууну сезүү, бири-бирин жактырбоо же түгөйлөрдүн уялышы жыныстык катнашуунун начарлашына алып келет. Мындай жасалган импотенциянын (псевдоимпотенция) түрү эркектерде да, аялдарда да жолугушу ыктымал. Импотенциянын нейрогумордук түрү борбордук нерв системасынын (психоз, олигофрения, неврастения, невроз) ж-а ички секреция бездеринин ооруларында келип чыгат. Өтө чарчоо, уйкунун бузулушу, кайгыруу, баш ооруу, болор болбоско ачуулануу, ошондой эле, омуртка же жүлүн оорулары импотенцияга дуушарлантышы мүмкүн. Эякуляциянын өзгөрүшүндө аялдын мамилесиИмпотенция зор мааниге ээ. Ошондой эле, такай ичкилик ичүү, тамеки тартуу борбордук ж-а четки нерв системасына терс таасир этип, импотенцияга түрткү бериши ыктымал. Жыныс мүчөсүнүн чыңалышы (эрекция) эякуляцияга байланыштуу болот. Жыныс мүчөсүнүн кырсыкка учурашы да импотенцияга алып келиши мүмкүн. Эркек баланын эн безинин сезгениши, жетилбей калышы, ички секреция бездеринин функциясынын начарлашы импотенцияга түрткү болушу мүмкүн. Узак убакытка жыныстык катнашуудан баш тарткан, тескерисинче жыныстык катнашууну эрте баштаган, түрдүү жол м-н жыныс мүчөсүн чыңалтууга аракеттенген эркектерде импотенция эрте болот. Импотенциянын негизги белгилери: эркектин жыныс мүчөсүнүн чыңалышы начарлайт, ошондой эле урук суюктугунун (эрендик) түшүүсү бузулат. Дарылануу үчүн сексопатолог, гинеколог, уролог, невропатологго кайрылуу керек. Ал оорулуу адамды текшерүү м-н себебин таап дарылайт. Импотенция м а л д а – эркек малдын тукум берүүгө жараксыздыгы, ургаачы малдын кысыр калуу себептеринин бири. Импотенциянын 2 формасы: 1) эркек малдын куутка толук же жарым жартылай жараксыздыгы; 2) эркек мал куутка нормалдуу катышып, бирок уругу тукум берүүгө жараксыз болушу. Импотенцияны пайда кылуучу себептер – рациондо белок, витамин, макрож-а микроэлементтердин жетишсиздиги, моциондун жок болушу, борбордук нерв системасынын ж-а жыныс органдарынын оорушу, малдын карылыгы. Импотенция кээде тубаса да болушу мүмкүн. Дарылоо гормон заттарын, дары каражаттарын колдонуу ж-а операциялык жол м-н жүргүзүлөт.