ИММУНОТЕРАПИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 19 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИММУНОТЕРАПИ́Я – иммунологиянын жу­гуштуу ооруну иммун дарылары (вакцина, кан сары суусу, гаммаглобулин ж. б.) м-н дарылоочу бөлүгү. Кан сары суусу, гаммаглобулин катуу кармаган ооруларда – кептөөр, селейме, боту­лизм, менингит ж. б-да колдонулат. Вакцина­лар көпкө создуккан өнөкөт жугуштуу оору­ларда – дизентерия, бруцеллёз, туляремия ж. б-да куюлат. Иммунотерапия антибиотиктер ж-а химиотерапия м-н бирге жүргүзүлөт. Иммунотерапия в е т е р и н а р и я ­д а – жаныбардын жугуштуу ооруларында кан сары суусун, бактериофагдарды организмге кир­гизгенде жаныбар организминдеги оору козго­гучтарга же алардын ууларына каршы даяр кор­гогуч заттар (антитела) келип түшөт.