ИМАНБАЕВ
ИМАНБАЕВ Сулайман (18. 2. 1932-жылы туулган, Ысык- Көл облусу, Түп району, Талды-Суу айылы) – коомдук ишмер. КРдин эмгек сиңирген врачы, 1-класстагы мамлекеттик кеңешчи, медицина илимдеринин кандидаты (1970). 1955-жылы КММИни бүткөн.

1960–75-жылдарда Фрунзе шаараткомунун төрагасынын орун басары, саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы, 1975–82-жылдарда Кыргыз ССР саламаттык сактоо министринин орун басары, 1982– 96-жылдарда Кыргыз онкология ж-а радиология ИИИнин директору, Кыргыз кардиология ИИИнин директорунун орун басары, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкы башкармалыгынын башчысы, КРдин шайлоо ж-а референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы (1996–2005) болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). КММАнын (1999), УОБдун (2002) ардактуу профессору, 1-даражадагы Манас, «Ардак Белгиси» ордендери, «Даңк», башка 9 медаль м-н сыйланган.