ИМАНАЛИЕВ Мурзабек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:47, 19 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНАЛИЕВ Мурзабек (13. 9. 1931-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кайыңды айылы) – матема­тик, физика-математика илимдеринин доктору (1965), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1979; корреспондент-мүчөсү, 1969), СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1981), профессор (1965), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1981). КМУну бүтүргө н (1953). КМУда улук окуутуу­чу (1956–60), ФПИде доцент (1960–62), проректор (1962– 64). КМУда кафедра башчы­сы (1964–66), Кыргыз ССР ИА ФМИнин директору (1966–76), КМУнун ректору (1976–79), Кыргыз ССР ИАнын президенти (1979–86), 1984-жылдары Кыргыз ССР ИА МИнин ди­ректору. Негизги эмгектери интегралдык-диф­ференциалдык теңдемелер теориясына арналган.

Жогорку тартиптеги туундусунун коэффициенти кичи­не параметр болгон интегралдык-дифференци­алдык теңдемелердин ар түрдүү класстары үчүн Коши маселесин ж-а чектик маселелерди чыга-


руунун, мезгилдүү, дээрлик мезгилдүү ж-а чек­телген чыгарылыштарды табуунун ж-а чыгары­лыштарды асимптоталык катарларга ажыратуу­нун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Мындай чыгарылыштардын калдык мүчөлөрүн асимпто­талык баалоонун натыйжалуу ыкмаларын тап­кан. Маселелерди чыгарууга ж-а интегралдык теңдемелердин чыгарылыштарын табууга салым кошкон. Чектүү аралыктагы жалпыланган фун­кциялардын теориясын түзгөн. Кыргызстандагы техникалык- экономикалык маселелерди, механиканын ж-а башкары­луучу системалардын атайын маселелерин да изилдеген. 230га жакын илимий эмгеги, анын ичинде 6 моно­графиясы, 7 ойлоп табуусу жарык көргөн. Иманалиев – СССР математиктеринин улуттук комитетинин ж-а эл аралык математикалык союздун мүчөсү, СССР Жо­горку Советинин депутаты (1979–89). Эмгек Кызыл Туу, III ж-а I даражадагы Манас орден­дери менен сыйланган.

Эмг.: Асимптотические методы в теории сингуляр­но-возмущённых интегро-дифференциальных систем. Ф., 1972; Колебания и устойчивость решений сингу­лярно-возмущённых интегро-дифференциальных сис­тем. Ф., 1974; Методы решения нелинейных обратных задач и их приложения. Ф., 1977; Обобщённые реше­ния интегральных уравнений первого рода. Ф., 1981.