ИМАНАКУНОВ Бейшен
ИМАНАКУНОВ Бейшен (16. 3. 1930-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Сары-Камыш айылы) – химик, химия илимдеринин доктору (1972), профессор (1974), КР УИАнын академиги (1997), корреспондент-мүчөсү (1977).

КМУну (1953),
Кыргыз ССР ИАнын химия институтунун аспирантурасын (1956) бүтүргөн. Ошол эле институтта кенже, улук илимий кызматкер (1956–68), окумуштуу катчы (1968–71), лаборатория башчысы (1971–75), директор (1975–97). КР УИАнын президиумунун башкы окумуштуу катчысы (1997– 2003) болуп иштеген. 2003- жылдан КР УИАнын президентинин кеңешчиси. Ал 200дөн ашык жаңы бирикмелерди алып, алардын физика-химиялык мүнөздөмөлөрүн изилдеген. Кенден алтынды бөлүп алуу боюнча жаңы илимий багытты негиздөөчү. 300дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 7 монографиясы, 14 ойлоп табуулары бар. КРдин илимине эмгек сиңирген ишмери (1991), Ж. Баласагун атындагы сыйлыктын (1998) ж-а И. К. Ахунбаев атындагы сыйлыктын (2007) лауреаты. Адам коопсуздугу ж-а жаратылыш экологиясы ЭАнын академиги (1999). «Даңк» ж-а эл аралык «Алтын фортуна» медалдары м-н сыйланган.
Эмг.: Взаимодействие ацетамида с неорганическими солями. Ф., 1976; Особенности флотации сульфидов сурьмы и мышьяка (в соавторстве). Ф., 1984; Взаимодействие гексаметилентетрамина и диметилсульфоксида с неограническими солями (в соавторстве). Б., 1994; Философия, химия, синергетика: к исследованию проблемы сложности. Б., 2002.