ИМАМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:13, 19 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАМАТ (ар. – башкаруу) – 1) мусулман теок­ратиялык мамлекетинин жалпы аталышы; ди­ний ж-а жарандык башкарууну бирдикте алып баруучу ислам мамлекетинин институту, башкача айтканда хали­фат деп айтса да болот. Халиф – имам шарият мыйзамдарынын негизинде укук тартибин ж-а мамлекеттин бардык жарандарынын коопсуз­дугун кароого милдеттүү. Сунниттерден айыр­маланып шииттер мамлекеттин башына Мухам­мед пайгамбардын гана тукумдары (Али ибн Абу Талиб) турууга тийиш деп эсептешет, бирок алар да бул маселе боюнча бир пикирге келе алышкан эмес, ошондуктан канча кылымдардан бери ар кандай секталарга бөлүнүп келүүдө. Имамат жөнүндө ар биринин өзүнүн концепциясы болгон (к. Шиизм); 2) 19-кылымдын 20-жылдарынын аягында Түндүк Кав­каз элдеринин орус падышачылыгынын отор­чул саясатына каршы жүргүзгөн күрөштөрүнүн учурунда Дагстан м-н Чеченстанда пайда бол­гон мюриддердин мамлекети. Имамдары: Гази- Магомет (1828–32), Газмат-бек (1832–34), Ша­миль (1834–59).



Т. Өмүрова.