ИМАЙ
ИМА́Й (лат. Imaus) – тарыхый топоним. Б. з. ч. 4–3-кылымдардан орто кылымдын аягына чейинки Батыш Европа илиминде кабыл алынган эбегейсиз зор тоо тутуму. Ал боюнча Имай 35° түндүк кеңдик боюнча бүт Азия материгин экиге бөлүп турган. 145° узундуктан (Индиянын тушунан) Имайдан туура төтө түндүк уюлду көздөй дагы бир залкар кырка тоо созулган. Бул меридиандык Имай, Орто Азиянын аймагын жарып өтүп, бир нече тармакка бөлүнгөн. Андан тараган Комед тоолору Памирге, Аскатанк тоосу Фергана ж-а Кара- Тоо тизмектерине, Авзакия (Ауксакия) Теңир- Тоого туура келет деп эсептелген. Меридиандык Имайдын эки тарабын скиф уруулары, түштүк-батышын сактар мекендеген. «Улуу кардуу тоо кыркасы» жөнүндөгү түшүнүк атайын саякат, изилдөөлөрдөн эмес, көбүнчө сурамжылоо, болжолдоо жолу м-н пайда болгон. 17–18-кылымдарда, өзгөчө 19- кылымдын башында бул көз караштын негизсиз экени ачык көрүнүп, аны ошондой эле жаңы жасалма гипотеза (А. Гумбольдттун Болор схемасы) м-н алмаштыруу аракети да оң натыйжа берген эмес.