ИМАЗОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАЗОВ Мухаме (1. 5. 1941-жылы туулган, Чүй облусу, Москва району, Александровка айылы) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1994), профессор (1999), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2000). КМУнун фи­лология факультетин бүтүргөн (1964). Орус тили ж-а адабияты мугалими (1964–68), КР УИАнын дунган таануу илимий борборунда жетектөөчү илимий кыз­маткер, башкы илимий кызматкер, бөлүм башчысы (1970–99) болгон. 2000-жыл­дан ошол эле жерде дунган таануу ж-а китаистика бор­борунда бөлүм башчы болуп эмгектенет. 80ден ашуун илимий эмгектери негизинен дун­ган тил илимине арналган. Бир нече медаль м-н сый­ланган.

Эмг.: Фонетика дунганского языка. Ф., 1975; Дунганский язык. Ф., 1979; Дунганская советская литература. Ф., 1982; Очерки по синтаксису дунганского языка. Ф., 1987; Грамматика дунганского языка. Б., 1993.