ИМАГО
ИМА́ГО (лат. imago – кебете, түр) – курт-кумурскалардын ж-а кээ бир муунак буттуулардын жеке өөрчүшүнүн жетилген стадиясы. Бул стадияда муунак буттуулар көбөйөт, ал эми кээде ар кайсы жерге жайгашат, демейде түлөбөйт ж-а өспөйт. Татаал түзүлүштүү курт-кумурскалардын көпчүлүгүнүн имагосуна өтүп кеткен мурунку стадияларынан айырмаланып, канаттары ж-а жыныстык кошумча өсүндүлөр мүнөздүү. Курт-кумурскалардын (көпөлөктөр, коңуздар, жаргак канаттуулар), толук өөрчүү стадиясында имаго куурчакчадан өөрчүп чыгат. Толук эмес өөрчүүчү курт-кумурскаларда (мисалы, субагай канаттууларда, кыпчуурларда, тең канаттууларда ж. б.) куурчакча стадиясы жок, личинка – нимфа бир катар түлөгөндөн кийин түз эле имагого айланат. Имаго стадиясынын узактыгы адатта бир нече миндан бир нече жылга чейин созулат.