ИЛЬМЕНИТ
ИЛЬМЕНИ́Т (Ильменит 1-табылган жер Ильмень тоосунун атынан), т и т а н д у у т е м и р – татаал кычкылдарга кирүүчү минерал. Химиялык формуласы FeTiO3. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү кара, күңүрт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5–6. Салыштырма салмагы 4,7. Габбро, диабаз, пироксенит, кимберлит тоо тектеринде, сиенит пегматиттеринде ж-а чачынды кендерде (росыпь) кезигет. Ильменит – металлургия, химия ж. б. өнөр жайларда кеңири колдонулуучу титан металлы алына турган баалуу кенташ.